Интернетте көзгө илинген кыздын кейиштүү өлүмү
Полиция кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жигит кармалганын билдирди. Кабарларга караганда Сана ал жигиттин жакын мамиле куруу сунушун көптөн бери четке кагып келген. Шектүү Сананын алысыраак тууганы болору, Исламабаддагы үйүнө кирип барып, кызды тапанчадан аткылаганда ал жерде маркумдун апасы, бир тууганы болгону кабарланды.
Пакистандык аялдар бул окуя 240 миллиондой калкы бар консервативдүү өлкөдө кыз-келиндерге карата кеңири жайылган басым-кысым, кордук, зомбулукту дагы бир жолу көзгө сая көргөзгөн учур экенин белгилеп, кырдаалды өзгөртүүгө үндөп жатышат.
Исламабаддык укук коргоочу Шад Бегум: “Бизди айрыкча далай эркектер интернетте отуруп алып, Сананын өлүмүнө анын динчил өлкөдөгү жүрүш-турушу, коомдук үрп-адатка сыйбаган бейнеси себепчи болду деп жазгандары катуу ызалантты, кыжырыбызды келтирди”, - деп белгилейт.
Маркум Сана Инстаграм менен ТикТокто көбүнчө белгилүү ырларды коюп алып, үнсүз коштоп ырдагансып бий аткарып, косметикалык буюмдарды колдонуу усулдарын жайылтып келген.
Жаш кыздын кейиштүү өлүмүнөн улам пакистандык активдүү аялдар коомдо сабырдуулук азайып, жек көрүүчүлүк күчөп баратканына кабатырланып, 5-июнда Исламабад жана Пешавар шаарларында гендердик зомбулукка каршы плакаттарды көтөрүп алып, ураан-сүрөөн чакырып жөө жүрүшкө чыгышты.
Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясынын өкүлү Махин Прача: “Сананын өз үйүндө чак түштө өлтүрүлүшү – биздин коомдо кыз-келиндер кандай жашашты эркин тандаганы үчүн ушундай коркунучтарга кабыларын көргөздү” деген тынчсыздануусун Исламабаддагы митингде айтты.
Ал Пакистан бийлигин кыз-келиндер үчүн интернет мейкиндигинин коопсуздугун камсыздай турган чечкиндүү кадамдарды жасоого үндөдү. Укук коргоочу жаш кыздын киши колдуу өлүмүнөн да андан кийин интернетте маркумдун өзүн айыптаган караңгы комментарийлер жайнап кеткени нес кылганын айтты.
“Бул соцтармактардын ишин уюштургандар, анда жарыяланган мазмун ээлери ар кандй тобокелчиликтерге туш болуп жатканын эске алышы керек эле, деги кандайдыр жоопкерчиликти сезеби алар?” – деп суроо коёт исламабаддык активист Бегум.
Пакистанда активдүү кыз-келиндердин өмүрү, коопсуздугу - чоң көйгөй
Сана Юсаф - Пакистанда интернеттеги барактары үчүн өмүрүнөн ажыратылган кыздардын соңкусу болуп калды.
Январь айында өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабындагы Кветта шаарында Анвар ул-Хак аттуу адам 14 жаштагы өспүрүм кызын “ТикТокто адепсиз жүрүш-турушу менен жакындарынын ар-намысына шек келтирди” деп жантаслим кылган.
Былтыр октябрь айында Карачи шаарында дагы бир пакистандык эркек төрт кыз тууганын интернеттеги видеолору үчүн өз колу менен өлтүргөнүн моюнга алган.
Жыл сайын Пакистанда жүздөн ашуун кыз жана аял “абийир-ариетке шек келтирди” деген шылтоо менен жакын туугандарынын колунан ажал табат.
Исламабаддагы университеттердин биринде сабак берген профессор Фарзана Бари мындай окуялар өлкөдөгү бардык билимдүү адамдарды, айрыкча аялдарды нес кылып, коркуп-үркүп жашоого кириптер кылып жатканын айтат:
“Интернеттеги соцтармактарды кыздар, аялдар үчүн коопсуз мейкиндикке айландыра албасак, коомубуз дагы бир чөйрөдөн артта калып, аялдарды кордоп-зордогон караңгы аймакка айланабыз”, - деп кейийт илимпоз.
Аялдар укуктары жаатындагы жакшы көрүнүш катары сыпатталган жаңы мыйзамга ылайык, Пакистанда эми кыздар 18ге толгондон кийин гана турмушка чыга алат. Парламент бул мыйзамды өткөн аптада кабыл алды. Ошентсе да, укук коргоочулар жаш кыздар, аялдар өзүлөрүн коомдук жайларда, өз үйүндө коопсуз, эркин сезгиче дагы көп иштер жасалышы керек, патриархалдык көз карашты өзгөртүш үчүн жалпы мамлекеттик деңгээлде, ар бир үйдө аң-сезимди өзгөртүү зарыл деп коңгуроо кагышат.
Шерине