Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:51

Украинанын үч облусунда Орусиянын соңку чабуулдарынан 14 өмүр кыйылды


Харьков. 2025-жылдын 7-июну.
Харьков. 2025-жылдын 7-июну.

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан кеминде 14 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өлкөнүн полиция кызматы 8-июнда билдирди. Эң оор соккуга Харьков, Херсон жана Донецк облустары туш болгону, каза тапкандардан тышкары 68 киши жараат алганы кабарланды.

Ракета, башкарылуучу авиабомба, согуштук дрон менен аткыланган Харьков облусунда алты өмүр кыйылганы, жараат алгандардын экөө балдар, алардын бири 1,5 айлык ымыркай экени, Донецк облусунда төрт киши каза болгону, үйлөр, имараттар талкаланганы, Херсон облусунда да төрт өлүм катталганы маалымдалды.

Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу 2022-жылы февралда башталган. Бул өлкөнүн жетекчилиги Украинанын шаар-кыштактары, жарандык инфраструктурасы атайылап талкаланып, жайкын тургундар өлтүрүрүп жатканын тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын чабуулдарын аскердик кылмыш деп кароо керек деп эсептешет. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG