Крымдагы атактуу "Артек" лагерине 100 жыл. Орусия "көлөкө түшүргөн" тарых
"Артек" лагери "социалисттик коомдун жарандарын тарбиялоо" максатында негизделген. 100 жылдыгын белгилеп жаткан лагердин тарыхы Орусиянын аннексиясынан кийин украин балдарын мажбурлоо тууралуу айыптар менен да коштолууда.

1
2009-жылы тартылган бул сүрөттө "Артек" пионер лагеринин бир бөлүгү жана Крым жарым аралынын Кара деңиз жээгиндеги Владимир Лениндин эстелиги көрүнүп турат. Быйыл 16-июнда лагерь түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Совет доорунан кийин ал Украинанын карамагына өткөн. Крым аннексиялангандан бери Орусиянын колунда турат.

2
1925-жылы жаңы ачылганда "Артек" төрт чоң чатырдан гана турчу. Алгач ал кургак учукка чалдыккан балдар күнгө кактанып ойноп, абасынан дем алуу үчүн санаторий катары ачылган.

3
Деңиз жээгиндеги көнүгүү. 1930-жылдар. Бара-бара лагерь кеңейип, советтик жаштар - пионерлер эс алган жайга айланды. Ал жакка мыкты окуган балдар менен катар коммунисттер партиясынын таасирлүү жетекчилеринин балдары жөнөтүлчү.

4
Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный "Артек" лагеринде конокто. 1946-жыл. Лагерь советтик идеология жайылтылган жерге айланган. Тарых боюнча профессор Маттиас Нойман ал тууралуу "Азаттыкка": "Артек" эс алуу гана эмес, идеологиялык стратегиялык мекемеге айланган" деп сыпаттаган.

5
1977-жыл. Лагердеги спорттук иш-чара. Идеологиялык ораторлордун, мисалы, немис коммунисти Клара Цеткиндин жалындуу сөздөрүн угуудан тышкары балдар спорттук, театралдык иш-чараларга тартылып, алар үчүн жөө экскурсиялар уюштурулчу.

6
Саманта Смит (ортодо, колуна сумка кармаган) пионерлердин коштоосунда. 1983-жыл. 1982-жылы америкалык окуучу кыз Саманта Смит СССРдин лидери Юрий Андроповго кат жазып, ядролук согушка жол бербөөгө чакырган. Кат өкмөттүк "Правда" гезитине жарыяланып, Саманта советтик өспүрүмдөрдүн жашоосун өз көзү менен көрүп кетиши үчүн "Артекке" конокко чакырылган.
Аны Кремль өз пайдасына колдонуп жатат деген да пикирлер айтылган. Саманта "Артекте" үч күн болуп, "Качандыр бир бул жакка дагы келем, мен сени жакшы көрөм, "Артек"!" деп коштошкон.
Аны Кремль өз пайдасына колдонуп жатат деген да пикирлер айтылган. Саманта "Артекте" үч күн болуп, "Качандыр бир бул жакка дагы келем, мен сени жакшы көрөм, "Артек"!" деп коштошкон.

7
2005-жылдын август айы. Украинанын, Грузиянын, Литванын жана Польшанын ошол кездеги президенттери Виктор Ющенко, Михаил Саакашвили, Валдис Адамкус жана Александр Квасьневский "Артекте" түшкү тамактанууда. Советтер Союзу ажырагандан кийин лагерь Украинага өткөн. 1990-жылдардагы экономикалык кризис маалында каатчалык жаралып, кийин бул жай тууралуу сексуалдык зомбулук ыктымалдыгы жөнүндөгү окуяга байланыштуу да кеп болгон.

8
2009-жыл. Лагердин корпустарынын бири. Бул жылы украин бийлиги лагерди реконструкциялоого 35 миллион гривна бөлгөн.

9
2015-жылдын май айы. Лагердеги эс алуучулар. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин лагерди реконструкциялоого миллиондогон доллар каражат бөлгөн. Азыр ал жерде Кремлдин саясатына ылайык маанай түзүлгөн. Профессор Маттиас Нойман белгилегендей, Москванын көзөмөлүндө "Артек" "орусиялык кайра жаралуунун үлгүсү жана советтик тарыхка көпүрө" катары "жаштардын акыл-эсин калыптандыруу, тарыхтын мамлекет бекиткен образын жайылтуу жана Орусия мамлекетине берилгендикти тарбиялоо" жайына айланды.

10
2019-жылдын октябрь айы. Орусиялык аскерлер "Артек" лагеринде адамдар барымтага алынып калса кандай аракет көрүү керектиги боюнча машыгуу өткөрүп жатышат. 2014-жылкы аннексиядан кийин лагерде эс алган балдардын 95% орусиялыктар түзүүдө. Арасында чет элдиктер да болот. Мисалы, Сириянын мурдагы президенти, Кремлдин өнөктөшү Башар Асаддын балдары да ушул жерге келип эс алышчу.

11
2021-жыл. "Артекте" маданий иш-чара өтүүдө. 2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийинки кезде "Артек" күмөн жараткан окуяларга туш болгон. Себеби согуштун айынан орусиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта калган, ата-энесинен ажыраган украин балдарын ушул жакка алып барып, "орусташтыруу" аракети көрүлгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

12
2021-жыл. Лагердин корпустарынын бири. 2024-жылы "Артек" жана аны иштеткен бир нече киши Евробиримдиктин санкциялык тизмесине илинген. ЕБ аларды украиналык балдарды мажбурлап алып кеткен деп айыптаган. Балдардын көбүнө үйүнө кайтууга уруксат берилбегени, алардан Орусияга колдоо билдирүүсүн талап кылышканы кабарланган.