Аба ырайы: аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей 14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгышында 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус болот.

Дагы караңыз

Харьков, Херсон шаарлары катуу аткыландыСадыр Жапаров Ташиевдер мунай базасын сатып, мамлекетке оорукана салып бергенин билдирдиШаардык сот укук коргоочу Карасартованы абакта калтырдыУкук коргоочу Зульфия Марат дүйнөдөн кайтты