Сумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылды

Украина орус армиясы ишембиге караган түнү жалпысынан 100дөн ашык дрон менен чабуул жасалганын билдирди.

Украинанын Сумы облусунда фермага жасалган Орусиянын соккусунан жүздөгөн жандык кырылды. Маалыматтарга караганда, Ромны районундагы малканага беш дрон менен чабуул жасалган.

Аймактын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, ошондой эле сарайлар, ондогон тонна буудай күйүп кетти.

Бир дрон нан ташыган машинага тийип, анын айдоочусу жараат алды.

Облустун жетекчилиги 11 калктуу конуштун тургундарын эвакуациялоо башталганын билдирди. Бул чек арада жашаган жайкын тургундардын өмүрүнө коркунуч туулгандыктан жасалганын маалымдады.

Буга чейин Сумыдагы 213 конушта жашагандар милдеттүү түрдө көчүрүлүшү керектиги маалымдалган.

Украина соңку учурда Орусия Сумы багытындагы армиясын күчтөп жатканын билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү жалпысынан 100дөн ашык дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун билдиришинче, анда тогуз жаштагы кыз мерт болуп, 16 жаштагы өспүрүм жараат алды.

Орусия адатта чабуулдары тууралуу комментарий бербейт.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.


Дагы караңыз

Орусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айттыИлон Масктын Ак үйдөгү иши аяктады, Трамп ага алтын ачкыч берди Элчи Бөкөнтаев диаспора башчылары менен миграциялык талаптарды талкуулады Акыйкатчы институту Айзиректин балдарына, жакындарына укуктук жардам берет"Клооптун" оператору Александров менен мурдагы кызматкери Дуулатов эки айга камалдыТашиев көлдөгү кан жолдордун курулушун июлга чейин бүтүрүүнү тапшырдыОш шаарынын мэри күйөөсүнүн колунан мерт болгон келиндин балдарына жардам убада кылды