Брянск: жүргүнчү ташыган поездге көпүрө кулап, жети адам мерт болду

Орусиянын Брянск облусунда Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болду, дагы 69 киши жараат алды. Окуя 31-майда кечки саат 10дон өткөндө болду.

"Москва темир жолдору" ишканасы “сырткы кийлигишүүнүн” негизинде көпүрөнүн тирөөчтөрү сынганын, ал поездге кулап түшкөнүн билдирди, бирок кандай кийлигишүү экенин тактаган жок.

Би-Би-Си мындай сүйлөм буга чейин адатта темир жолдордо жардыруу болгондо колдонулуп келгенин белгиледи.

Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

Орусиянын Тергөө комитети азырынча кандайдыр бир божомолдорду жарыялай элек.

Орус күч кызматтарына жакын деп эсептелген Baza жана Shot телеграм каналдары көпүрө жардыруунун айынан кыйраганын маалымдашты, бийлик азырынча бул маалыматтарды ырастап же төгүнгө чыгарган жок.


Дагы караңыз

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды Камчыбек Ташиев УКМК жаңы имаратка көчүп жатканын билдирдиСумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылдыОрусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айттыИлон Масктын Ак үйдөгү иши аяктады, Трамп ага алтын ачкыч берди Элчи Бөкөнтаев диаспора башчылары менен миграциялык талаптарды талкуулады Акыйкатчы институту Айзиректин балдарына, жакындарына укуктук жардам берет