ӨКМ сел коркунучунан улам жарандарды сак болууга чакырды

Былтыр өлкөдө 300дөй сел жүрүп, кырсыктан 20дан ашык кишинин өмүрү кыйылган. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдалдар министрлиги (ӨКМ) чукул кабар таратып, 1-июндун экинчи жарымында жана 2-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Мындан улам тоо-ташта эс алууда жүргөндөрдү, жайлоого мал айдап бараткандарды сак болууга чакырды.

“Туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул күндөрү тоолуу өрөөндөрдө эс алуудан, жайлоого мал айдап баруудан баш тартыңыз! Зарылдыгы болбосо аны башка күндөргө жылдырыңыз! Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”,-деп жазылган маалыматта.

Былтыр Кыргызстанда жаз-жай айлары жаанчыл болуп, өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүргөн жана адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алган.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, соңку 12 жылдын ичинде жалпы өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн.

Беш жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн 300дөй селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

ХАМАС АКШнын сунушуна көндү, бирок өзүнүн шартын койдуБрянск: жүргүнчү ташыган поездге көпүрө кулап, жети адам мерт болду Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды Камчыбек Ташиев УКМК жаңы имаратка көчүп жатканын билдирдиСумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылдыОрусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айттыЭлчи Бөкөнтаев диаспора башчылары менен миграциялык талаптарды талкуулады