Грузияда талаштуу "Чет элдик агент жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирди

Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн.

Грузияда “Чет элдик агент тууралуу” мыйзам 31-майдан тартып күчүнө кирди. “Азаттыктын” грузин кызматы Европа Биримдиги буга байланыштуу расмий Тбилисини дагы сындаганын жазды.

Уюмдун башкы дипломаты Кая Каллас менен биримдикти кеңейтүү маселелери боюнча комиссары Март Кос бул документ Грузиядагы демократияга, жарандык коомго жана эркин медиага олуттуу коркунуч жаратарын эскертишти.

“Грузин кыялы” партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент 1-апрелде маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Арасында "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамы дагы болгон.

АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бул Орусиядагы мыйзамдын түз көчүрмөсү экенин айтып, ал эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонулуш мүмкүндүгүн билдиришкен.

Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн. Аларды полиция күч менен кууп тараткан, бир канча адам камалган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турат.

Дагы караңыз

Дебюрократизация: ишкерлерди текшергендерди азайтуу сунушталдыӨКМ сел коркунучунан улам жарандарды сак болууга чакырдыХАМАС АКШнын сунушуна көндү, бирок өзүнүн шартын койдуБрянск: жүргүнчү ташыган поездге көпүрө кулап, жети адам мерт болду Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды Камчыбек Ташиев УКМК жаңы имаратка көчүп жатканын билдирдиСумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылдыОрусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айтты