Умеров: Киев менен Москва оор жарадарларды айырбаштоону макулдашты

Украинанын жана Орусиянын делегаттары. Стамбул, 2-июнь, 2025-жыл.

Стамбулдагы Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында тараптар оор жарадар аскерлерди, 19-25 жаштагы туткундарды жана каза болгондордун алты миңден сөөгүн айырбаштоону макулдашты. Бул тууралуу Киевдин делегациясын сүйлөшүүгө жетектеп барган Украинанын коргоо министри Рустем Умеров билдирди.

Украинанын Коргоо министринин айтымында, ок атышууну токтотуу жана өлкө лидерлеринин жолугушуусу боюнча тараптар макулдаша алган жок.

Орусиянын делегациясынын башчысы Владимир Мединский да бул маалыматтарды ырастады. Ал каза болгон жоокерлердин сөөгүн "жыйнап" алыш үчүн фронттун айрым аймактарында эки-үч күнгө ок атышпоо сунушталганын жана алмашуу процесстери үзгүлтүксүз ишке ашаарын билдирди.

Мунун алдында украин президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермак Киев Москвадан согуш маалында Орусияга алынып кеткен украин балдарын мекенине кайтарууну талап кылып, 339 баланын ысымдары жазылган тизмени тапшырганын маалымдаган.

Буга чейин Стамбулда эки тарап тең келечектеги тынчтык келишими боюнча меморандум долбоорлорунун өз варианттарын сунуштай турганы айтылган. Financial Times гезитинин кабарчысы Кристофер Миллер украин тарап даярдаган документтин текстин жарыялады.

Орусия тарап даярдаган документтин мазмуну азырынча белгисиз.

16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Эки тарап Стамбулда өткөн алгачкы түз сүйлөшүүдө туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү макулдашкан. (AiA)

Дагы караңыз

Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы жыйынтыкталдыДинара Чочунбаева акыркы сапарга узатылдыСтамбулда украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтүүдө