Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын бийлиги мурдагы президенттин администрациясы менен макулдашылган дрондорго каршы ракеталарды Украинага бербей, башка жакка жөнөтүп жибергенин билдирди. Бул тууралуу ал базар күнү америкалык ABC News телеканалына курган интервьюсунда айтты.
“Биз ал 20 миң ракетаны иштетүүнү мерчемдеп жатканбыз. Бүгүн таңда биздин министр кеп болуп жаткан ракеталарды АКШ Жакынкы Чыгышка жөнөтүп жибергенин айтты”, – деди Владимир Зеленский.
Украин президенти ракеталар кайсы өлкөгө жөнөтүлгөнүн так айткан жок. Ал ошондой эле 20 миң ракетаны Украинага жеткирүү боюнча макулдашуу болгон-болбогонун же оозеки келишим бар экенин тактаган жок.
5-июнда Wall Street Journal басылмасы АКШнын Коргоо министрлигинен алган документтерге таянуу менен президент Дональд Трамптын администрациясы Украинага багытталган дрондорго каршы куралдарды Жакынкы Чыгышта жайгашкан америкалык аскерлерге жөнөтүүнү чечкенин жазган. Макалада айтылгандай, Пентагон бул жөнүндө Конгресске кабарлама жөнөткөн.
Дональд Трамптын администрациясы маалыматты жана Зеленскийдин сөзүн расмий түрдө комментарийлей элек.
АКШ президенти менен мамилеси жөнүндө айтып жатып Владимир Зеленский “кадимкидей кесипкөй” ымалада болуп жатканын белгиледи. Ал Вашингтондо Сүйрү кабинеттеги экөөнүн жолугушуусундагы талаш-тартыштан кийинки Ватикандагы 15 мүнөттүк көзмө-көз сүйлөшүүсү мамилени бир аз жакшыртканын кошумчалады.
28-февралдагы АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткен. Аны улай Трамп: "Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат", - деп билдирген.
26-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясынын алдында жолуккан. (ErN)