Борбор Азияда электр жарыгы өчтү
Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесинде авария болуп, Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда электр жарыгы жапырт өчтү. Жарык берүү бир нече сааттан кийин калыбына келтирилди. Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ага байланыштуу иш боюнча Башкы прокуратурада тергөө амалдары бүткөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен тергөөчү кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз. АКШнын президенти Жо Байден Батыш державалары Орусиянын Украинага басып кирүүсүн алдын алыш үчүн бир муштумдай биригип аракет көрөрүн билдирди.
Чыгарылыштар
-
Июнь 05, 2025
Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
-
Июнь 05, 2025
Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
-
Июнь 03, 2025
Оштун мурдагы казысы кайра камалды
-
Июнь 02, 2025
Курманбекова орус жарандыгынан эмнеге ажырады?