Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Индия менен кызматташтыгы такууланды


Нью-Делиде өткөн "Индия-Борбор Азия" диалогунун министрлер жолугушуусу. 6-июнь, 2025-жыл.
Нью-Делиде өткөн "Индия-Борбор Азия" диалогунун министрлер жолугушуусу. 6-июнь, 2025-жыл.

6-июнь күнү Нью-Дели шаарында “Борбор Азия-Индия” диалогунун тышкы иштер министрлеринин 4-жыйыны өттү. Ага Борбор Азиядан Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын өкүлдөрү барган.

Иш-чарада транспорттук жана логистикалык карым-катыш, терроризмге каршы күрөшүү, жогорку технологияларды өнүктүрүү жана чөлкөм аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, кыргыз делегациясынын башчысы Жээнбек Кулубаев тараптардын өз ара байланыш, аймактык коопсуздук, ошондой эле технология жана өнүгүү тармактарындагы кызматташуу маселелерин көтөрдү.

Кыргыз тарап региондогу мамлекеттердин өз ара байланышын, анын ичинде түз авиакаттамдарды ачуу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Финансылык инклюзивдүүлүктү стимулдаштыруунун, “жашыл” күн тартибинин алкагында кызматташууну активдештирүүнүн жана келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттарда жаңы технологияларды жана санариптештирүүнү колдонуунун маанилүүлүгү айтылды. Ошондой эле, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта регионалдык коопсуздук маселелери боюнча ишти улантууга даярдыгын ырастады.

Демилгелерди ишке ашыруу үчүн Диалогго катышуучу өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтери жана мекемелери ортосунда диалог механизмдерин түзүү сунушталды.

Жолугушуунун катышуучулары транспорттук-логистикалык байланышты өнүктүрүү, анын ичинде эл аралык транспорт коридорлору боюнча долбоорлор, биргелешкен жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү тууралуу ойлорун ортого салышты. Ошондой эле элдик дипломатияны чыңдоо максатында академиялык жана маданий алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экени айтылды.

Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулуп, катышуучулар бул өлкөдөгү абалды региондогу туруктуулуктун негизги факторлорунун бири катары белгилешти. Гуманитардык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнүн, ошондой эле бул өлкөнүн аймактык жана эл аралык процесстерге интеграцияланышына көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн айтышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG