Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы (УПСМ) борбор калаада электр чыгырыктарды (электросамокат) ижарага берүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, маселе шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 6-июндагы отурумунда каралган.
Жыйында Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев жана мекеменин Уюштуруу-тескөөчүлүк бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Абдиев калаада катталган жеңил жол кырсыктары жөнүндө баяндама жасады. Абдиевдин айтымында, жылдын алгачкы беш айында Бишкекте 1 612 жол кырсыгы катталса, андан 33 киши каза болуп, 1954 адам жаракат алган. Жалпы жол кырсыктары өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 50,9%га көбөйгөн.
Нурланбек Абдиев мунун ичинен 186 кырсык скутер жана чыгырык (самокат) аралашкан окуя экенин, андан 6 адам өлүп, 207 адам жаракат алганын белгиледи. Бул былтыркы жылдын беш айына салыштырганда 118,8%га көп.
Бишкек милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын Уюштуруу-тескөөчүлүк бөлүмүнүн башчысынын айтымында, кеп болуп жаткан мөөнөт ичинде 498 мотоскутер айдоочулук күбөлүгү жок айдалгандыгы үчүн кармалып, айып короосуна токтотулган.
Нурланбек Абдиев билдиргендей, скутерлерди айдоочулук күбөлүк менен айдоого уруксат берүү сунушталууда. Бул боюнча долбоор УКМКнын кароосуна киргизилген. Эгер ал кабыл алынса жарандар скутерине атайын номер алып, минүү үчүн айдоочулук күбөлүк алышы керек.
Мекеме мындан сырткары электр чыгырыктарды (электросамокат) шаар көчөлөрүндө ижарага берүүнү тыюу салууну сунуштап жатат. Мында жеке адамдардын өз алдынча чыгырык сатып алып айдоосуна чектөө киргизилбейт.
каршАбдиев кошумчалагандай, кайгуул кызмат башкармалыгы мындай демилгени былтыркы жылы эле көтөргөн, мэрия өкүлдөрү бул ишкерчилик мыйзамдарына каршы келерин айтып, макул болгон эмес.
Депутат Улукбек Карыбек уулу бул маселени Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына чыгарып, кароону сунуштады. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Абдиев муну үчүн тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү зарылдыгына токтолду.
Бишкек шаарында 2024-жылы 10 ай ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражаты аралашкан 503 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 550 адам түрдүү жараат алган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык түйүндөрдө айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн скутер, мопед, мотоцикл, электр чыгырыгы сыяктуу каражаттарды айдагандар жол эрежелерин сактабай жатканы тууралуу сын айтылып келет. (ErN)
Шерине