Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

Бишкекте автобусту тороп токтоткон машиненин ээсине айып салынды


Бишкекте автобусту тороп токтоткон машиненин ээсине айып салынды.
Бишкекте автобусту тороп токтоткон машиненин ээсине айып салынды.

Бишкек шаарында машинесин жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун алдын тороп токтотуп, жол эрежесин бузган айдоочуга 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

"Шевроле Спарк" автоунаасынын айдоочусу машинесинин майы түгөнүп калып туруп калганын айтып, андан кийинки аракеттери үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жалпы жарандарга кайрылып, ушундай эле эреже бузган айдоочуларды көрүп калса 0777 102 102 ишеним WhatsApp номуруна маалымат жөнөтүп коюуну өтүнөт. Мекеме аларга тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

Мунун алдында "Бишкекшаартранс" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров автобустардын биринин айдоочусу тарткан видеону интернетке чыгарган. Анда айдоочу жаңы конуштардагы көчөнүн бурчун автоунаа тосуп туруп алгандан улам бурула албай жатканын, жеңил машиненин ээсине кайрылса ал көңүл бөлбөй жатканына даттанган эле. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG