Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын жоокери өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу кабарды 9-июнда “Азаттыкка” аталган мекеменин маалымат катчысы ырастап, окуянын деталдарын айта албай турганын кошумчалады.
Мунун алдында бир катар басылмалар укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен 7-июнда ушундай окуя болгонун жазып жатышкан.
Маалыматтарга караганда, жоокер соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн шаардагы медициналык мекемелердин бирине коштоп барган. Аз убакыттан соң кайтаруучу жоокер ажатканага кирип өзүн-өзү атып алган. Окуянын себептери белгисиз.
Kaktus.media билдиргендей, мерт болгон адам 20 жашта болгон жана Молдовановка айылындагы №7412 аскер бөлүгүнүн кызмат өтөп жаткан. Ал 17-майда ант берип, кызмат өтөөгө киришкен.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) ырасташкандай, ишти Аскердик прокуратура иликтей баштады. (ErN)
Шерине