Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Ницца шаарында БУУнун Океандар боюнча үчүнчү саммити башталды


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Ницца, 8-июнь 2025-жыл
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Ницца, 8-июнь 2025-жыл

Франциянын Ницца шаарында БУУнун Океандар боюнча 3-саммити башталды. Ачылышына 50 чакты мамлекеттин жана өкмөттүн жетекчилери, эл аралык уюмдардын башчылары катышты.

Коста-Рика менен Франция биргелешип уюштурган иш чарада ачык океанды коргоо боюнча эл аралык келишимге көңүл бурулмакчы. 2023-жылы кол коюлган документти 115 мамлекеттин 28и гана ратификациялады. Анын күчүнө кириши үчүн 60 өлкөнүн парламенттери жактырышы керек.

Коста-Риканын өкмөтү мухиттерди туруктуу өнүктүрүүгө 100 млрд доллар тартууга үмүттөнөт. Ал эми Париж бул конференция акча чогултууну көздөбөгөнүн белгилейт. Эксперттер менен бейөкөмт уюмдар саясатчыларды каражаттын эмес саясий эрктин жетишсиздиги үчүн сындашат.

Окумуштуулар океандын түбүндө кен казууга толугу менен тыюу салуу кеңешин беришет.

Андан тышкары айрым өлкөлөрдүн планетаны коргоо боюнча эл аралык мыйзамдарды урматтабаган чечимдерине каршы күрөшүү үчүн “полиция” түзүү сунуш кылынууда.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен шаркет мухитти беш жылдын ичинде желим жана биоген заттары менен булгоону эки эсеге азайтууну, деңиздин экосистемасынын 20% калыбына келтирүүнү көздөп жатканын билдирди.

Саммитке катышкан 194 өлкөнүн арасында Кыргызстандын делегациясы да бар. Аны Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов жетектеп жүрөт.

АКШ конференцияга өз өкүлдөрүн жөнөткөн жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG