Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 9-июнга караган түнү Орусиянын Нижний Новгород облусундагы аэродромдо эки аскердик учак бутага алынганын билдирди. Алар МиГ-31 жана Су-30/34 учактары болушу мүмкүн, деп айтылат кабарда.
Авиациялык техника токтоп турган Саваслеевка аэродрому Украинага абадан чабуул коюуга пайдаланылып келатат. Дал ушул жерден украин аймагына "Кинжал" аттуу аэробаллистикалык ракеталар учурулганын адистер белгилешет.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты тактай элек. Москва дүйшөмбүгө караган түнү Нижний Новгород облусунда 13 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн гана кабарлады.
Дагы караңыз
Шерине